Момбеков чиновниктерге: "Сүйлөгөндөн башка эч нерсени билбейсиңер, силерди "сармерденге" жибериш керек"

"Сүйлөгөндөн башка эч нерсени билбейсиңер, силерди "сармерденге" жибериш керек" деп бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Эл өкүлү чиновниктерди сындап, өкмөттүн ишинде натыйжа болбой жатканын айтты. "Экологиялык коопсуздук боюнча бир да маалыматка канааттанган жокмун. Урматтуу депутаттар, мен өкмөттүн маалыматтарын канааттандыруусуз деп табууга сиздерди да чакырам. Азыр эң ири мафия таштанды таштоочу жайларда. Ишкерлер депутаттарды артынан ээрчип аймактардагы таштанды таштоочу жайларды ала албай жүрөт. 8 жылдан бери иштеген вице-мэр 35 гектар жерде жаткан Бишкектин таштанды жайына барып көрбөптүр. "Кумтөрдү" 6 миллиард сомго сотко бердик деп шардана кеп кылдык эле, андан кабар жок.

Экология маселесинде жумуштар жүргөн жок. Мамлекет экологияны сактоо үчүн жылына 234 миллион сом коротсо, алардан түшкөн каражат 50 миллион сом. Бул өкмөт мүчөлөрү сөз сураганда 40 мүнөт сурайт. Жасаган иштерин айтса үч мүнөт көптүк кылат. Буларды топтоп эле "сармерденге" жибериш керек", - деп нааразычылыгын билдирди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kirgiz.....
2018-03-30 13:44:55
Окмотту эле эмес Жогорку Кеништи да жонотуш керек
+20
edua
2018-03-30 13:45:58
Чновниктерди сармерденге,депутаттарды квн ге айдаш керек.молодец эрекече соз.
+38
nargiz94
2018-03-30 13:51:03
Тилдери эле сайрайт, колдорунан коко тикен келбейт.
+7
NURSAPAR
2018-03-30 13:53:24
Чынын айтсам сармерденди булар көтөрө албайт, жакшысы дом-2га жөнөтөйлү соонун болот
+9
Jelezo
2018-03-30 14:00:05
Соке досуна барып кандай иштей турганы боюнча тапшырма алды окшойт
+7
00AbibhanovMunarbek0045
2018-03-30 14:19:02
Эшеке минеерлер тойгузду жарылып кетейн деп калдым
+2
cyrus
2018-03-30 14:22:56
Кээ бир депутаттардын денгээли сармерденге да жарабайт ко
+2
bazarkyl
2018-03-30 14:26:08
Момбеков күнү бирдеме деп интернет түшпөй калды
0
bekush
2018-03-30 14:28:49
Балп эттириптир да, туура!
+2
Pchelka85
2018-03-30 14:54:22
Ой ущул Момбековду баш кылып кошуп туруп жиберищ керек жиберчу жерге... Элди эмне кылат, ОЗУ деле "айдаганы беш эчки, ышкрыгы таш жарат"....
-4
Pchelka85
2018-03-30 14:57:55
Кийинки кундору ойлоп калдым.. Ушул Момбеков деген неме, тункусун уктаарда ойлонот болуш керек. "Тааак эртен эмне деп бакылдап, хайповать этсем" деп..." бакыллаган текени, суу кечкенде коробуз, шакылдаган женени уй чечкенде коробуз" беле. Ушундай бир Макал бар беле. Кана Момбеков Мырза, бир алгылыктуу суу кечип корчунузчу !!! Бакылдаганынды же шакылдаганынды королук.
-2
Aima94
2018-03-30 15:02:18
Туура да иштеринин дайыны жок
+1
munar1980
2018-03-30 16:31:22
азамат момбеков туүра айтасыз
0
altyn7776
2018-03-30 17:47:28
Бакылдаган депутаттар керек! Баары оозуна талкан сугунуп алгансып коркуп калышты. Унчукпай акча жеп отургандардын эмне кереги бар?Жакшы Текебаевдин ордун толтуруп, ошоерде тируу жан бар экендигин билгизип жатат Рыскелди... калганы куну отсо болду
0
anonymous
2018-03-31 00:57:35
Ушул депутат жакпай калды куудул болуп сындаганды эле билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан