Карышкырлар калкты 30 миллион сом зыянга учуратты

Бир жыл ичинде карышкырлардын мал жандыкка кол салуусунун кесепетинен эл тарткан зыяндын көлөмү 30 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

"30 миллион сомдук чыгым болгон. Бул абдан көп. Анткени калктын басымдуу бөлүгү айыл-кыштактарда жашайт. Учурда алдын алуу, аңчылык иштери жүрүп жатат", - деди Шадиев.

Депутат Чыныбай Турсунбеков бул расмий маалымат экенин айтып, иш жүзүндө бул сумма мындан алда канча жогору экенин белгиледи.

"Бул сиз айткан 30 миллион сом - расмий маалымат. Чынында чыгым тарткан эл көп болуп жатат. Көп адамдар чыгымга учураганын айтышпайт деле. Менимче, чыныгы эсеп факт жүзүндө 60 миллионго жетсе керек", - деди Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
fantomas
2018-03-30 14:13:05
Шадиев менен Турсунбековдун "ордоктору" эмеспи?!! 30 миллион дегенин 5000-6000 кой же 500дой жылкы...

60 миллионун ошонун 2 эсеси, б.а. 10-12 мин кой же мин жылкы...

"Ордоктор" асман каптап калды го...
0
karakulja
2018-03-30 14:24:29
Карышкырлар 30 миллион зыян келтирсе, жеп жутар чоолор 386 млн зыян келтирди
+9
Lion.
2018-03-30 15:28:44
karakulja, сом болсо мейли эле, алар долларга зыян кылып атпайбы жепжутаттар
+3
Alinur96kg
2018-03-30 14:53:58
Тез арада карышкырларды таап,ийиндерин конфискациялап , оздорун камаш керек.Улуттук коопсуздук комитети алга!
+3
RusMos76
2018-03-30 16:19:43
Карышкырлар менен курошуу керек, анан дагы эки буттуу каршкырлар менен катуу курошсок талаалабай оз уйубузду кытайларга тайрандатпай жыргап эле жашамакпыз!
+2
Baku88
2018-03-30 17:26:33
Өздөрүн өздөрү жалпак тил мн айтып атканы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан