Жөлөк пул алгандардын саны эмне үчүн эки эсеге өсө тургандыгынын себеби айтылды

Үй-бүлөлүк кирешеден пенсияны алып салуудан жөлөк пул алган балдардын саны 2 эсеге өсөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан түшүндүрүштү.

Маалыматка караганда, мыйзамга ылайык үй-бүлөнүн кирешеси ар бир жанга эсептегенде 900 сомдон ашпаса, жөлөк пул берилет. Жаңы кабыл алынган жөлөк пул жөнүндө мыйзамда үй-бүлөнүн кирешеси боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Мурдагы мыйзам боюнча үй-бүлө кирешесине ошол үйдөгү пенсия алган адамдын каражаты да киреше катары эсептелсе, жаңы кабыл алынган мыйзамда пенсия үй-бүлө кирешесинен алынып салынды. Ошол себептен жөлөк пул алып келген балдардын саны жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин эки эсеге өсөт.

Ушул тапта өлкө аймагы боюнча 298 миӊ бала жөлөк пул алат.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова "Сунушталган жаңы мыйзам кабыл алынса, жөлөк пул алган балдардын саны эки эсеге өсөт", - деп билдирген. Ошол эле күнү Жогорку Кеңеш балдарга жөлөк пул боюнча мыйзамды кабыл алган.

Мыйзамга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койсо, мыйзам 1-апрелден тартып ишке кирмекчи.

Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом үй-бүлөгө көмөк акча берилмек.

Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган. 2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын "балага сүйүнчү" төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
haydarkan
2018-03-30 17:37:58
Мен тушунбодум ошондо ар бир балага берилели?
+2
almanbetperm
2018-03-30 17:58:49
Кирешеси 900 сомдон ашпаса деген менен 900 сом бир башка айына жетпейтда, депутаттардын обеди эле 900 болсо керек
+9
Almaz_kg
2018-03-31 01:40:43
almanbetperm,кирешесин кантип аныктайт? ошону жазбаптырго. мурда үйүңдө телевизоруң бар экен деп пул бербейт эле эми, тирүү жашап жатыпсың значит сенин кирешең 900сомдон ашат экен деп пул бербейт окшойт
+3
almanbetperm
2018-03-30 17:59:19
Айла жок кулосун
+3
sirenaaaaa
2018-03-30 18:27:19
Биз 5 башпыз анан кантип жолдошум 5мин сомдук жумушка иштесин.кунуго озу жумушка барып келгени кызымдын окууга барганына эле эсептегенде айына мин сом ашык кетет. Калган акча жегенине жетпейт. Булардын эсебинде биз толук кандуу камсыз болгонго киребиз. Аябай кулкун келет
+2
Ayida
2018-03-30 18:30:46
Уяты жоктор эми ушул калдыбы кыйраттынар.900 сом болбой калдыго азыр адамдардын кирешеси андан коп значит наоборот аз адам алып калат турбайбы.
+3
Ayida
2018-03-30 18:31:38
Ушул жолок пулду баарына эле бере турган кылсанар болот эле уят уят уят бети жоктор. Канчалаган уй було муктаж болуп кутуп жататго?
+4
Ayida
2018-03-30 18:32:53
Жок дегенде 900 кирешеге жетпесе дегенин алып койсонор болмок.Эми Соц фонтко барсан кирешен 900 дон ашат экен сага бербейбиз дейт экенда э?
+2
meku89
2018-03-30 20:52:26
Мен корсо аябай бай экенмин алган айлыгым 4300 сом. Кулкун келет айла жок. Чон соройлордун башы оорубайт оздорунун курсагы ток кийими бутун. Биз эмне конуп калганбыз бир куну чай жок бир куну май жок дегендей. Соз жок...
+5
gulu1991
2018-03-30 23:50:47
Тушунбодум эски мыйзамды кайталап жаза бересинерби менин уч балам канча сомдон алам эч ким иштебейт айтып койгулачы
0
nazira1989
2018-03-31 09:09:59
Мен декретте отурам,демек иштейсин деп дагы эле беришпейт да.2017 жылы торолгон балдар,апасы декретте отурган балдар мамлекеттин огой балдары болуп калды го...(
+1
Muratmipa
2018-03-31 09:42:59
Тушунуксуз эле закондорду чыгарып иши кылып жолок пул беребеш экен да максатынар
0
kenje-888
2018-03-31 09:51:00
ушу акчаны эптеп эле бербестин айласы кылып эптеп убакытты чойюп анан унуткармай да, Алмазбек Атамбаев элге жакшы корунуп мыйзам чыгарып элди суйунтумуш болуп койюп эми акыры андай анан мындай деп. Бербестин ашы бышпаш да бул жерде
+2
Siren90
2018-03-31 11:00:32
Киши башына киреше 1200 дон деп озгортулот деп да окуган элем
+1
jaskaaa
2018-03-31 11:13:41
4000 сомдун тагдыры белгисиз бойдон калып атабы?
0
munar1980
2018-03-31 15:00:54
анан дагы бир мыйзамы бар эгерде ошол үйдөн бир киши ээри или аялы росияга кетсе да пособие чыкпайт деген. Ким билет ал киши иштеп жатабы же эптеп курсагын араң багып жатабы, балким ооруп орунун айынан жүргөндүр Аба алмаштырып дегендей. кыскасы этпеп шылтоо таап бербештин аракети болуп жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан