Испаниялык футболчу, "Реал Мадрид" жана Испания курама командасынын коргоочусу Серхио Рамос Испаниянын Камас аттуу жеринде 1986-жылы 30-мартта жарык дүйнөгө келген.
15 жашында Серхио "Севилья" футболдук клубуна кирип, алгачкы күндөн тарта өзүн мыкты оюнчу катары көргөзгөн. 2005-жылдын 26-мартында 18 жашында Рамос Испаниянын курама командасы үчүн өзүнүн алгачкы беттешин өткөргөн. Ошол эле жылы аны "Реал Мадрид" футболдук клубу 27 миллион еврого сатып алган. Бул учурда "Барселона" жана "Манчестер Юнайтед" клубдары дагы Серхиону өзүнүн клубунун оюнчусу катары көргүлөрү келип жаткандыгын билдиришкен.
"Эртең менен "Севильянын" оюнчусу катары туруп "Реал Мадриддин" оюнчусу болуп уктоо мен үчүн жашоомдогу эң бактылуу мүнөттөр болгон. Уктап жатып эртең менен кумирим болгон Рауль, Бекхэм, Зизу, Икер, Роберто Карлос, Рональдо өңдүү мыкты оюнчулар менен бир талаага чыгарымды билип алып толкундангам", - деп билдирген Рамос.
2012-жылдын 7-январында Рамос Испания чемпиондугунда өзүнүн 250-беттешин өткөргөн. 2014-жылдын 29-апрелинде Рамос УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында атаандаштарынын дарбазасына эки гол киргизип өз командасына финалдык оюнга жолдомо алып берген.
Серхио Рамос "Telecinco" телевидениесинин кабарчысы Ларо Альварез аттуу кыз менен сүйүү мамилесинде болуп, бирок бат эле ажырашкан. 2013-жылдын сентябрь айынан тарта футболчу Пилар Рубио аттуу журналист кыз менен мамиле куруп, 2014-жылы 6-майда түгөйлөр Серхох Рамос Рубио аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылдын ноябрь айында Марко аттуу уулдуу болсо, 2018-жылдын 25-мартында дагы бир Алехандро Рамос Рубио аттуу уулу жарык дүйнөгө келген.
Кызыктуу фактылар:
30-марттын жылнаамасы.