Бүгүн Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин соту уланат

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин соту уланат. Анда Түлеев баш болуп айыпталып жаткан мэриянын мурунку 5 кызматкери көрсөтмө беришет. Эске салсак, Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталууда. Ал былтыр октябрда камакка алынган. Маалыматтарга ылайык, учурда Улуттук онкология борборунда дарыланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан