"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Соңку аялдамага жетпей жүргүнчүлөрдү түшүрүп салган коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлөт"

Соңку аялдамага жетпей, жүргүнчүлөрдү орто жолдон түшүрүп салган коомдук транспорттун айдоочулары жазаланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов билдирди.
"Соңку аялдамага жетпей жүргүнчүлөрдү орто жолдон түшүрүп салган коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлөт. Унаада бир жүргүнчүбү, экиби соңку аялдамага милдеттүү түрдө баруу керек. Эгер айдоочунун мындай кадамы аныкталса 500-1000 сом айып салынат. Бул көрүнүш дагы кайталанса транспорт министрлиги жумушка берилген уруксат кагазын токтотот", - дейт жетекчи.
Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу "№121-маршруттук каттам каалаган убакытта токтойт жана алардын бир нече соңку аялдамасы бар" деген маалымат окурмандан келип түшкөн.
Окурмандын "Элдик кабар" рубрикасына жазган кайрылуусунун негизинде аталган коомдук унаалардын иш тартибин текшерүүгө тапшырма берилгенин, 1-2 күн көзөмөлгө алынарын Абдрасилов кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aman0296
2018-03-30 22:50:52
Сонун кабар
0
gul3ina
2018-03-31 00:47:20
286(эки жуз сексен алтынчы) маршуртканы да текшерип чара коруп коюшса жакшы болмок да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан