Эсептөө палатасы: "2015-2016-жылдарга карата капиталдык салымдар боюнча ашыра бааланган сумма 45 миллион 736 сомду түзгөн"

Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан 2015-2016-жылдарга карата капиталдык салымдар боюнча ашыра бааланган сумманын көлөмү 45 миллион 736 сомду түзгөн. Бул тууралуу эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгына таянып Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, көрсөтүлгөн сумманын 44 миллиону кайра ордуна коюлган.

“Ош облусунун жана Ош шаарынын капиталдык курулуштар башкармалыгы тарабынан сумма 12 миллион 500 миң сомго ашык бааланган. Жалал-Абад облусунда 6 миллион, Баткен облусунда 4 миллион, Чүй облусунда 6 миллион, Нарын облусунда 6,7 миллион, Ысык-Көл облусунда 6,5 миллион, Талас облусунда 4 миллион сом ашырыла бааланган сумма болгон. Бүгүнкү күндө 44 млн сом ордуна коюлган”, - деди Марипов.

Ал эми бул багытта 2017-жылга карата жүргүзүлүп жаткан аудиттин жыйынтыгы Жогорку Кеңештин жыйынына 2018-жылдын сентябрь айында алынып чыгарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан