"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Социалдык кызматкер: "Кайыр сураган лөлү тектүү үй-бүлөнүн балдары биздин эскертүүбүздү тоготпой жатышат"

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде болжолдуу 8-9 жаштагы бала кайыр сурап отурган жеринде уктап калган. Бул окуя боюнча Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева буларды билдирди.

"Бул кабарды уккандан кийин биз атайын рейд жүргүздүк. Текшерүү учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы лөлү тектүү үй-бүлөнүн баласы экендиги аныкталды. Биз аларды бир нече ирет кармап, эскертүүлөрдү бергенбиз. Ошондой эле Кара-Суу райондук сотуна бул ишти көзөмөлгө алгыла деп кат жибергенбиз. Бирок лөлү тектүүлөр биздин эскертүүбүздү такыр эле тоготпой жатышат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, "Ош шаарында болжолдуу 8-9 жаштагы баланын картон үстүндө уктап калыптыр. Ал кайыр сурап отурганын алдындагы акча салынган кутудан билсе болот. Ошол күнү жамгыр жаап, аба ырайы суук болчу. Баланын жука кийингени жана көчөдө уктап жатканы мени ойго салып жүрдү. Тиешелүү мекемелер, балким, бул баланын жашоосун изилдеп көрөт деген ойдо сүрөтү менен бөлүшүүнү туура көрдүм", - деп SUPER.KG порталына окурман билдирүү жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nanei
2018-04-02 12:47:35
Лолулор кыргыз жарандарыбы???
-8
ziash85
2018-04-02 12:49:39
Ушул лөлүлөрдү өлкөдөн чыгаруу буйругун кабыл алса болбойбу.коомдук ашканада тамактанып жатсаң келип алат,көчөдө да.акча бербей койсоң нары карап карганып кетишет.
+3
only_progress
2018-04-02 13:01:28
Бул суроттогу лолунун баласына окшобойт го. Ак жуздуу экен.
+1
Kirajsjk
2018-04-02 13:40:33
Ушундай кайыр сурагандарды такыр кобойтбогуло.Сразу изилдеп жол бербегиле,антпесе башка олколордогудой бизнеске айланат.кудай сактасын балдарды уурдашып колу бутун кесип кайыр суратышат екен башка олкоклордо.
+3
Jasa
2018-04-02 13:51:41
Лолунун балдары мындай болбойт,эптеп эле кутулуш экен да шылтоо таап,автор барып ойготуп эле жардам берсе болбойбу
0
only_progress
2018-04-02 15:14:37
Jasa,ооба лолунун баласы уйуно эле барып жатат. Бул кыргыздын эле баласына окшоп турат.
+1
Baku88
2018-04-02 14:41:14
Лолулорго чара көрүш керек
0
Kicha
2018-04-02 20:11:16
Анда эмне кылыш керек силердин алынар жетпесе эл чыкса дагы айтсанар чыкпаса ошентсенер олойун эл учун иштеген адамдарды иштен алсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан