"Ош-Эркечтам жолунда ондогон фуралар эшектерди жүктөп бара жатты", - деп бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү жашоочу маалымдады.
Анын айтымында, ал мындай окуяга кечээ туш болгон.
"Кызыл-Кыя шаарынан өтүп калганда жолдо катар тизилген фураларды көрдүк. Фуралар абдан эле көп болчу. Мен көргөндөн, баарына эшектер жүктөлүптүр. Кечээ кар жаап жатканда жолдо кармалып турган", - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 29-мартта "Элдик кабар" рубрикасына да окурман Бишкек-Ош унаа жолунда 2 фура эшек жүктөп бара жатканын кабарлап: "Аларды кайда, эмне максатта алып бара жатат?" деп суроо салган.