Бүгүн Кыргыз дзюдочулар Тбилисиде өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдеште медалдарды жеңгенге аракет көрмөкчү

Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча "Tbilisi Grand Prix 2018" мелдешинде бүгүн, 31-мартта Адилет Ганиев менен Владимир Золоев татаминин үстүнө чыгып медалдарды жеңгенге аракет көрмөкчү.

Маалым болгондой, аталган мелдеш 30-мартта старт алып, 1-апрелге чейин уланат. Мелдештин алгачкы күнү Отар Бестаев менен Айдин Мухтаров татаминин үстүнө чыгып жеңилүү ызасын тартышты. Бестаев 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда өзбекстандык Дониор Султанбаевден жеңилсе, Мухтаров 66 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, венгриялык Цолт Горжанацга жеңилип калды.

Бүгүн, татаминин үстүнө 2 Кыргыз дзюдочу чыгып күч сынашмакчы. Анда 73 килограммга чейинки салмак ченинде Адилет Ганиев жана 81 килограммга чейинки салмак ченинде Владимир Золоев катышмакчы.

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Адилет Ганиев - Гиёсжон Бобоев (Өзбекстан);

81 килограммга чейинки салмак ченинде:

Владимир Золоев - Жонатан Аллардон (Франция).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigit.1982
2018-03-31 10:11:50
Саат канчада чыгат айтып койсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан