Бүгүн, 31-мартта Бишкекте өтүп жаткан КСДПнын курултайына аймактардан келген бир топ делегат киргизилген жок. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облусунан атайын курултайга келип, кирбей калган КСДПнын мүчөсү Алишер Бакышев билдирди.
Анын айтымында, алар 15тен ашык адамды тизмеге кирбей калганын негиз кылып курултайга киргизбей коюшкан.
"Мисалы, Ош облусунан жалпы 18 делегат келгенбиз. Анын ичинен 5 адамды киргизбей коюшту. Мен 2006-жылдан бери ушул партияга мүчөмүн. 2010-жылга чейин ушул партиянын ысык-суугуна абдан күйгөнбүз. Ош облусунан партиялык конференциядан бизди бекиткен. Азыр партияга эмгек кылган адамдардын эшикте калышы - бул абдан жагымсыз. Мынчалык кайтарууда өтүп жаткан курултайды биринчи көрүп жатам. Азыр мени бул жерден да кууп жатат. Мен бүгүндөн тартып, партиялык билеттерди тапшырам", - деди Бакышев.
Айта кетсек, курултай саат 12:00гө жакын аяктап, анын жыйынтыгы менен экс-президент Алмазбек Атамбаев тааныштырмакчы.