Кыргыз мушкери Нурелес Айдаров Орусияда өткөн эрежесиз уруш боюнча "M-1 Challenge 90" аталышындагы мелдеште атаандашын 10 секундда жеңип алды.
57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Нурелес Айдаров орусиялык Олег Личковахи менен кез келген. Беттештин башында эле Кыргыз мушкери атаандашын нокаутка кетиргенге үлгүрдү. Айта кетсек, Нурелес Айдаров бул беттешке румыниялык Пол Марин жаракат алып калгандан улам чыккан.
Ошондой эле, 93 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир Кыргыз мушкер катышкан. Анда Абылкасым Якубов орусиялык Дмитрий Тебекин менен күч сынашты. Бирок, тилекке каршы калыстартын чечими менен жеңилүү ызасын тартты.
Эске салсак, 22-февралда "M-1 Challenge 88" аталышындагы мелдеште Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 3 раунддун жыйынтыгында орусиялык Максим Дивничтин үстүнөн жеңишке жеткен.