Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Кыргыз курама командасы менен жолугуп, 1 миллион сомго сертификат ыйгарды

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, Өлкө башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирген.

"Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Силер эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана дайыма күйөрман болобуз. Кыргыз курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок силер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр", - деген Сооронбай Жээнбеков.

Президент футболчулар дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи. Ал тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи.

"Силердин дүйнөнүн эң мыкты жүз командасынын катарына киргениңерге кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен 12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик. "Силердей спортчуларыбыз көбүрөөк болсун. 2019-жылы да Азия чемпиондугунда татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлейсиңер деп ишенем. 330 миң калкы бар Исландия командасы Англияны утканы баарыбыздын эсибизде. Баарыбызга ушундай ийгилик каалайм. Кыргыздар сиздерден жаңы жеңиштерди күтүшөт", - деп Сооронбай Жээнбеков спортчуларга ийгиликтерди каалаган.

Президент футбол боюнча Кыргыз курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырып, мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп айткан.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Кыргыз Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков жаңы ийгиликтерге жетишүү менен, Кыргыз өлкөсүндө футбол дагы бийик деңгээлге көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Ramis.Ramis.kg
2018-03-31 12:38:34
Азамат спортту колдош керек
+10
a.sheralievic.91
2018-03-31 12:40:53
Президент тарабынан эң жэмыкты колдоо
+13
progresskg
2018-03-31 13:00:18
Мен шайлоодо Бабанов учун угуттоп, Бабановко болуштум. Бирок Жээнбековду президент катары тааныйм раз шайлангандан кийин жана ага ийгилик каалайм.
Жээнбеков Атамбаевке караганда жакшыраак адам экенине шек жок. Кааларым Жээнбеков эми Атамбаевти укпай, оз саясатын кылыш керек.
+21
Marlen_.
2018-03-31 13:21:03
Президентибиз футболго кызыгат экен ,создорунон байкалды.
+11
Edward.14
2018-03-31 13:29:11
Спортту өнүктүрүү керек!Мамлекетти таанытуучу бул спорт!
+4
TalaCSKA
2018-03-31 13:30:21
Семетей Султанов кыйын футбольный функционер экен Сапар Исаковтун касягын ондоп кетти.
+4
Daak9091
2018-03-31 13:37:07
Жакшы жанылык экен эми эски достордон абайлап журушунуз керек экен
+7
Nursultan.nurik
2018-03-31 14:11:38
Чындыгында мага иши жага баштады " бир аз озгору байкалат демек оз ойу оз жолу менен кетип атат окшойт Президентибиз " мурункуну укпай
+5
King_Messi
2018-03-31 14:40:33
Жарайсын президент
+3
Rasul94
2018-03-31 14:57:15
Жакшы колдоо болуптур.президент деген ушундай эле болсо
+3
take.kg86
2018-03-31 15:27:38
Жээнбеков ишин жакшы эле баштап жатат. Мен президенттен ушуну күтүп жаттым эле,көңүл бурабы жэ жокпу деп бирок азамат футболчуларыбызга мындан ары да ийгилик , ал эми Сооронбай Шариповичке да ийгилик АТАШканы укпай иштесең элдин колдоосун табасың деп ишенем
+3
Talantsagynbaevkg
2018-03-31 19:23:11
менин айтарым Стадионго бир жакшы конул буруп койсо жакшы болмок элдерде жок стадион биздего чиркин
+2
Rasul94
2018-03-31 20:34:50
Talantsagynbaevkg,туура соз болду.
откондо мен дагы бир темага ушинтип жазсам минус басышып салыптыр .тушунбой калдым
+1
tmttmt
2018-03-31 21:40:21
Женбеков ага селфигеда жакшы түшөт экен жылмайып
ийгилик мындан аркы иштеринеда
кырылышпай тирегишпей кыргыз элин жакшы кадамдарга алып барсын
+1
bakulya2015
2018-04-01 15:05:03
Жээнбеков алга!!!
0
SaIixa
2018-04-02 01:01:33
Президентибиздин жузу да жагымдуу болуп калыптыр. Президентке да ийгилик, спортчуларга да ийгилик! Кыргызстан алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан