"КСДПда бөлүнүү жок" деген оюн бүгүн, 31-мартта аталган партиянын курултайына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
"Бүгүнкү жыйында Алмазбек Атамбаевди партиянын лидерлигине шайлоо эмес, укугун тастыктоо болду. Жыйында бир киши өзүнөн өзү эле нааразы болуп сүйлөгөнгө аракет кылды, бирок Атамбаев аны өзүм кабыл алам деди. Курултайга кимдер чакырылганын же чакырылбаганын билбейм, КСДПда бөлүнүү жок", - деди журналисттерге Бекешев.
Айта кетсек, бүгүн Бишкекте КСДП партиясынын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагалыгына шайланды. Жыйынга журналисттер киргизилген жок.