Оңол Каныбек уулу жарым финалдык беттештин мыкты оюнчусу аталып, командасы менен Таиланддын Суперлигасынын финалына өттү

Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасынын алкагында финалдык баскычка өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Бүгүн, 31-мартта Таиланддын Суперлигасынын жарым финалдык беттештери орун алды. Анда Оңол Каныбек уулунун "Эйр Форс" командасы "Накхон Ратчасима" командасы менен күч сынашты.

Беттеш 5 партияга созулуп, тайбрейкте "Эйр Форс" командасы 15:11 эсеби менен жеңишке жетип, финалга аттанды.

Ошондой эле Кыргыз курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.

Эми Суперлиганын финалында "Эйр Форс" командасы "Васакха" командасы менен беттешмекчи. Финалдык беттеш эртең, 1-апрелде орун алат.

Айта кетсек, волейбол боюнча Таиланд чемпиондугунун 2017-2018-жылдын жыйынтыгында 6 команда "Thai-Denmark Super League" мелдешине катышууга мүмкүнчүлүк алган, алардын ичинде Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" дагы болгон.

Эске салсак, Оңол Каныбек уулу командасы менен Таиланд чемпиондугунун күмүш медалдарынын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-03-31 18:10:32
Желкесине чейин чыгып журот го сеткадан,блоктон кечиксен каска кие турган экен )))
0
Brokg89
2018-03-31 19:31:25
Молодец алга жыла Бер!!!
+2
Sabette
2018-04-01 10:01:28
Негизи чет мамлекеттерге чыгып ойнош керек,ошондо онугот Оңолбек молодец
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан