Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарында футбол боюнча Суперкубогу орун алат. Анда 2017-жылкы Топ-Лиганын жеңүүчүсү "Алай" футболдук клубу менен Өлкө кубогунун жеңүүчүсү "Дордой" футболдук клубу кез келет.
Беттеш Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда орун алып, саат 15:00дө старт алмакчы. Беттештин башкы калысы Дмитрий Машенцев болот. Анын жардамчылары катары Исмаилжан Талипжанов жана Хусан Жалалдинов болушмакчы. Ал эми резервдеги рефери кызматын Эрлан Осмонов аркалайт.
Суперкубок-2018
"Алай" (Ош) - "Дордой" (Бишкек);
Стадион: "Курманбек", Жалал-Абад шаары;
Калыс: Дмитрий Машенцев (Ош);
Беттештин башталышы: 15:00
Суперкубоктун бардык жеңүүчүлөрү:
2011 - "Нефтчи"
2012 - "Дордой"
2013 - "Дордой"
2014 - "Дордой"
2015 – Өткөрүлгөн эмес
2016 - "Абдыш-Ата"
2017 - "Алай"