Португалия жана Франция аэропортторунда жумушчулар иш таштап, каттамдар үзгүлтүккө учурады

Португалия жана Франция аэропортторунда жумушчулар иш таштап, каттамдар үзгүлтүккө учурап, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Португалиянын аэропортундагы кызматкерлер жумуш шартын жакшыртуу талабы менен иш таштаган. Мындан улам бир нече аба каттамдары кармалып, айрым учурда үзгүлтүккө учураган. Жумуш таштоо акциясына аэропорттогу 90 пайыз жумушчулар катышууда. Мындай акция Португалиянын 5 аэропортунда өтүүдө. Маалыматтарга караганда, жумуш таштагандар Ирландиянын европадагы "Ryanair" ири мамлекеттик авиокомпаниясынын кызматкерлери.

Авиакомпаниянын жетекчилери жумушчулардын бул акциясы пайдасыз экенин айтып, жүргүнчүлөргө кам көрүүгө чакырууда.

Ал эми франциянын "Air France" авиакомпаниясынын жумушчулары 6-мартта массалык иш таштоого барып, бул күнү 4 каттам үзгүлтүккө учураганы айтылды. Бул ирет март айында эле аталган авиакомпаниянын кызматкерлери үчүнчү жолу иш таштады.

Акцияга аба каттамына байланыштуу 11 профсоюздук уюмдун мүчөлөрү катышкан. Жумуш таштагандар айлык акыны 6 пайызга жогорулатууну талап кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sogushov
2018-04-01 23:23:27
Туура кылышат!!! Орустар айтмакчы "везде евреиии" а жумушчулар аз айлык учун 40 сааттан иштешет жумасына
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан