Панфилов районунда өз энесин сабаган бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жайылма айылынын 45 жаштагы тургуну Любовь Г. аны 20 жаштагы баласы сабап, качып кеткени тууралуу арыз менен кайрылган. Жабырлануучу алган жаракаттардан улам ооруканага жатып калган. Бул факт боюнча Панфилов РИИБи кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Г.Аликону кармашкан. Учурда тергөө иштери уланууда.