БУУ Израиль чек арасындагы 17 палестиналык жарандын өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди

Бириккен улуттар уюму Израиль чек арасы жана Газ тилкесиндеги 17 палестиналык жарандын өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди. Ушул тапта чек арада жаракат алган жүздөгөн жарандар ооруканада жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш абалды иликтөө үчүн көз карандысыз териштирүү жүргүзүлө турганын айткан. Ал эми Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас зордук-зомбулук үчүн Израиль тарапты айыптап, 31-мартты аза күтүү күнү деп жарыялаган.

30-мартта чек ара аймагына миңдеген адам чогулуп, Израиль аскерлерин тынч жашоочуларга ок чыгарды деп айыптаган.

Ал эми Израиль армиясы бул окуяны "чагым" деп атап, жарандар жабык аскердик аймакка кирип келгенин билдирген.

30-мартта Газ тилкесиндеги топтолгон жарандарга Израиль аскерлери ок чыгарып, андан 17 адам мерт болуп, 500дөй адам жабыркаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан