Бүгүн футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын алкагында "Мурас" менен "EREM" командаларынын беттеши орун алат

Бүгүн, 1-апрелде Чолпон-Ата шаарында футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалынын алкагында жергиликтүү "Мурас" "EREM" командасын кабыл алат.

Беттеш Чолпон-Ата шаарында ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат. Беттеш саат 14:00дө башталат.

Айта кетсек, тайпалык баскычтын жыйынтыгында жарым финалга 40 упай топтоп 1-орунду ээлеген бишкектик "Алга", 40 упай топтоп 2-орунду ээлеген Оштун "EREM", 30 упай менен 3-орунду ээлеген Ысык-Көлдүн "Мурас" жана 28 упай менен 4-орунду "Фарватер" командалары өтүшкөн.

Ал эми кечээ, 31-мартта Бишкек шаарындагы "Алай" спорт комплексинде "Алга" командасы "Фарватер" командасы менен беттешип 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
manaas
2018-04-01 13:15:00
ЕRЕМ командасына ийгилик.
+3
almanbetperm
2018-04-01 15:14:36
Футбол боюнча оштуктардан талашпай эле койгула
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан