Бүткүл дүйнө жүзү 1-апрелде күлкү менен шаттыкка бөлөнөт. Бул күндү кээ бир элдер “күлкү күнү” деп аташса, айрымдар “аңкоо күнү” дешет. Айтор, жакындарын, досторун, кесиптештерин дал ушул күнү жалган маалымат менен азил кылган учурлар көп.
Күлкү өмүрдү узартып, көптөгөн оорулардан арылтат. Сиз күлкү боюнча атайын илим бар экенин билчү белеңиз? Күлкү терапиясы ракка дуушар кылуучу клеткалар менен күрөшүүдө чоң жардам берип, кан айланууну жакшыртып инфаркттан сактайт. Күлгөндө бетиме бырыш түшөт деп чочубаңыз. Тескерисинче күлгөндө бетиңизге кан жүгүрүп, теринин өңү жакшырып, жылмакай тартат. Эгер көбүнчө капаланып жүргөн болсоңуз, тери бошойт. Ошондуктан күлкүгө да убакыт бөлүп, билгениңизди тесттен сынап көрүңүз.