Бишкекте "Ала-Тоо" ресторанындагы үлпөт тойдон кийин тамакка ууланып ооруканага түшкөн адамдардын саны 53кө жетти. Алардын арасында балдар да бар

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдон кийин тамакка ууланып ооруканага түшкөн адамдардын саны 53кө жетти. Алардын арасында балдар да бар. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда 4 адам Чолпон-Ата аймактык ооруканасында жатат. Ал эми Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 49 адам дарыланууда.

"Ууланып ооруканада жаткандардын ичинен 11 адам, эки жаштан 10 жашка чейинки жаш балдар. Жалпысынан 66 адам ооруканага кайрылган. Алардын айрымдары амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй шартында дарыланууга кетишкен. 53 адам дарыланууда. Эртең менен ооруканага кайрылгандардын абалы бир аз жакшырып калды. Түштөн кийин ооруканага келгендердин абалы азыр орто, дарыгерлер көзөмөлдөп жатат", - деп билдирди маалымат кызматы.

Учурда бул факт боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы иликтөө баштады.

Айта кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен үлпөт тойдон кийин тамакка ууланып, 38 адам ооруканага түшкөнүн кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2018-04-01 19:35:39
арак ичкендер эле калыптырда атравления болбой
+4
Nora
2018-04-02 04:40:22
5 -6 million somgo shtraf salysh kerek! en zor degen restoran ushundai bolso , bashkasyn jon ele koigula.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан