Парламентте бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊештин жыйыны өтөт

Бүгүн, 2-апрелде парламентте бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги отуруму өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат. Анда "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамдын аткарылышына, анын ичинде элге керектөөчү товарларды алып келүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн өз ара мамилелерине байланыштуу көйгөйлөр талкууланат.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө жарандык авиациянын орчундуу маселелери, Кыргыз мамлекетинде "ачык асман" саясатын киргизүү боюнча аракеттер сыяктуу бир катар орчундуу маселелер да каралат.

Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊешке Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жетекчилик кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан