Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында 300дөн ашуун эшек багылууда. Бул туурасында SUPER.KG порталына аталган жердин жашоочусу Гүлбарчын Каленова билдирди. Анын айтымында, багылган эшектердин кыйкырыгы жашоочуларга тынчтык бербей келет.
“Бир жылдан ашык убакыттан бери ушул сарайда эшектерди багып жатышат. Биз мына ушул жерге жакын жашагандыктан, эшектердин кыйкырыгы бизге тынчтык бербейт. Мына ушунун айынан кайрылбаган жерибиз калган жок, бир аз күн ысыган мезгилде ушул жерден жагымсыз жыттар чыгып, аба булганат”, - дейт жашоочу Каленбаева.
Ал эми дагы бир жашоочу фура менен эшектерди жума сайын белгисиз жакка ташып жатышканын айтат.
“Бул сарай биздин жумуштун жанында жайгашкандыктан, бул жерде эмнелер болуп жатканын көрөбүз. Акыркы 3-4 айда эшектердин саны абдан көбөйүп кетти. Жуманын ишемби, жекшемби күндөрү гана бир аз тыным болот. Ал эми калган күндөрү айылдан, дагы башка жерлерден эшектерди алып келип, дүйшөмбү күндөрү фураларга жүктөп алып кетишет. Мисалы, мурдагы күнү эле, эки фура менен ташып кетишти. Мындан сырткары эшектерин жоготуп алып, ушул жерге издеп келген жарандарды да көп көрөбүз”, - дейт жашоочу.