Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бала бакчадагы тарбиячы балдарды уруп жатат" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Бул видео социалдык тармактарга тарап, талкууланып жаткан эле.
Видеодон бакчадагы балдардын катар тизилип отурганын, дептерди колуна ороп кармаган аялды көрүүгө болот. Ал балдарды колунда оролгон дептер менен башка, көзгө жана башка жерлерине уруп жаткан.
Андан соң ал аял бөбөктү кулактан тартып, ордуна отургузгандай көрүнөт. Бакчанын кызматкеринин бул жоругу интернет колдонуучуларынын катуу сынына кабылды. Бул арада окуя Өзбекстандын Жизак шаарында тартылган деген кабар тарады. Балдардын биринин апасынын билдирүүсүнө таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, бул видео "Навруз" деп аталган бала бакчада тартып алынган, ал эми андагы аялдын аты Мохира.
Бул боюнча Өзбекстандын укук коргоо органдары жана Мектепке чейинки билим берүү министрлиги иликтөө иштерин баштаган.
"Биз текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу сөзсүз маалымдайбыз" деп кабарлашкан аталган министрликтен.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.