Кытайдын "Тяньгун-1" космостук станциясы Тынч океандын түштүк бөлүгүнүн үстүндө күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя жергиликтүү саат боюнча бүгүн, 2-апрелде саат 08:15те катталган.
"Тяньгун-1" космостук станциясы 2011-жылы сентябрь айында орбитага чыгарылган. Анын жалпы салмагы 8 жарым тонна, ал эми узундугу 12 метр жана диаметри 3 жарым метрге чейин жеткен. Адистер космостук станциянын күйүп кетишине күйүүчү майдын түгөнгөнү себеп болгонун айтышат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта учурда Кытайдын "Тяньгун-2" космостук лабораториясы жер орбитасында турганы кошумчаланат. Аталган модель келечектеги Кытайдын көп модулдуу орбиталык станцияларын камсыздоодо техникалык мүчүлүштүктөрдү текшерүү үчүн курулган.