Бишкек шаарында 1 килограммдан ашык баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды
Бишкек шаарында 1 килограмм 410 грамм баңгизатын
алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн,
18-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 15:00 чамасында
Рыскулов көчөсүндө 45 жаштагы М.И. кармалган. Анын жанынан 1 килограммдан ашык
гашиш табылган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.