Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын саны 151ге жетти. Алардын 89у ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 19у балдар экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, амбулатордук медициналык жардамды 50 жабырлануучу алса, анын ичинен ону балдар болгон.
"Конок болуп кеткендердин айрымдары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын саны 12ге жеткен. 11 жаран ооруканага жаткырылган", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанындагы үлпөт тойдун коноктору тоок же балык этинен ууланган деген божомолдор болуп жатканы кабарланган.