Алдамчылык үчүн изделип жаткан кыргыз жараны Орусиядан кармалды

Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Анарбек Алдыбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарынын Чкалов районунан кармалган. Аталган жаран Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан  8 жылдан бери изделип жатканы белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, А.Алдыбек уулу саясий абалдын туруктуу эместигинен пайдаланып, 2 ишкерди коркутуу менен 4 кабаттуу имараттын документине кол койдуруп алган. Кийинчерээк аталган жаран имаратты болжол менен 180 000 долларга сатып жиберген. Учурда кармалган кылмышкер убактылуу кармоочу жайда камакта, аны жакынкы арада Кыргызстанга экстрадициялоо күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан