Транспорт министри "мындан ары сапатсыз жолдор азаят" деп убадалады

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында мындан ары сапатсыз курулган жолдордун саны азая турганын убадалады.

Анын айтымында, буга чейин асфальттын сапатын текшерген лабораториянын жоктугунан кабыл алуу системи туура эмес жүргүзүлүп келген.

"Бизде салынган жолду кабыл алуу системи туура эмес жүргүзүлүп келген экен. Быйыл башкача болот. Себеби бүткөн ишти кабыл алууну тендерге тиешеси жок жеке компаниялар кабыл алышат. Андан сырткары, асфальттын сапатын текшерген лаборатория алып келдик. 2018-жылдан тартып сапатсыз жолдордун саны жокко эсе болот. Ал эми сапатсыз курулган жолдорду кайра оңдоо ишин жоопкер адамдар тарабынан калыбына келтирилет", - деди Калилов.

Депутат Сайдулла Нышанов министрдин жообун угуп, жол курган компаниялардын ишине нааразы экенин айтты.

"40 жыл мурун курулган унаа жолдор бар. Алар былк этпей турат да, бир жыл мурун курулган жолдор жазга жетпей талкаланып калып жатат", - деди депутат.

Министр Калилов депутаттын пикири менен макул экенин билдирип, министрлик акыркы учурда өрт өчүрүүчүлөр сыяктуу иш аткарып калганын айтты. "Акыркы жылдары биздин министрлик өрт өчүрүүчүлөр сыяктуу болуп эле асфальттын үстүңкү катмарына гана карап калган. Жол курулуп жатканда долбоорго бүтүндөй караш керек", - деп айтты Калилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn7776
2018-04-02 12:56:09
убада бергенден эч жадабадынар го! СНГ мамлекеттеринин ичинде борбор калаалар боюнча эн жаман жол Бишкектики экенин жазып чыгышты. Биздикилер 27 жылдан бери убада гана беришет. Жадаттынар кыскасы
0
Second
2018-04-02 13:23:17
Аиии ошол жаман салынып жатканын эми тушундунорбу э? Антпей эле ал акча колдон-колго жегичтен-жегичке отуп акча аз калганда чала-була чампалай калган жолдор дебейсинерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан