Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.
Кечээ, 1-апрелде Таиланддын Суперлигасынын финалдык беттештери орун алды. Анда Оңолбек Каныбек уулунун "Эйр Форс" командасы "Васакха" командасы менен күч сынашты.
Беттеш 3 партияга созулуп, "Эйр Форс" командасы 3:0 (партиялар боюнча 25:22, 25:12, 25:20) эсеби менен жеңишке жетти. Ал эми Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.
Айта кетсек, волейбол боюнча Таиланд чемпиондугунун 2017-2018-жылдын жыйынтыгында 6 команда "Thai-Denmark Super League" мелдешине катышууга мүмкүнчүлүк алган, алардын ичинде Оңолбек Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" дагы болгон.
Эске салсак, Оңол Каныбек уулу командасы менен Таиланд чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болгон.