Ичкиликтин айынан кытайлык жаран "Халкка" айланып калган

Ичкиликтин айынан кытайлык жаран "Халкка" айланып калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Тан аттуу кытайлык жаран алкоголдук ичимдиктерден көз каранды болуп, сейрек кездешүүчү Маделунг (адамдын моюн, дал жана бел жагындагы май эттеринин өсүүсү) оорусуна чалдыккан.

Тан 13 жашынан баштап 30 жылдын аралыгында күнүнө 1 литр арак ичет. Мындан улам анын ден соолугуна олуттуу зыян келип ооруй баштаган. Алгач анын моюну шиший баштаган, көп убакыт өтпөй арт жагынын моюнунан белине чейинки бөлүгүн дагы шишик баскан.

Дарыгерлер канча жолу ага эскертүү берсе да, Тан ичимдиктен баш тарта алган эмес.

Азыркы тапта оорунун айынан Тандын дем алуусу начарлаган. Дүйнө жүзү боюнча аталган оору менен 400гө жакын адам жабыр тартат, алардын 200гө жакыны кытайлыктар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sultana17
2018-04-02 14:02:38
Жинди суу жинди кыла коюптур да 30 жылда
+8
aza84
2018-04-02 14:03:49
Кучту болсо керек
-5
Nanei
2018-04-02 14:08:18
Ден соолугу дагы чын экен да,кунуно бир литр ичсе да 30жыл жашаганы
+2
juma11anara
2018-04-02 14:22:17
Бизде 30жыл эмес, 3 күн катары менен ичип кел. 4-куну аялын кийимдеринди кармап эшиктин алдында турат сени күтүп жогол өлүгүңдү көрөйүн деп.
+2
engel
2018-04-02 14:36:34
juma11anara, туура кылат. Алкаштын эмне кереги бар? Арак ичип ошентип Халк болуп журо берсин уй булосун бакпай
+9
only_progress
2018-04-02 16:36:22
Бизге спирттин баары кытайдан келет. Сырттан келген товардын качествосун эчким текшербейт. Ал еще сертификаты бар товарбы жокпу эчкимдин иши жок. Биздеги арактар мындай ооруну пайда кылбайт деп ким кепилдик берет?! Биздеги спирт ичимдиктерде возбуждающий заттар бар деп укканмын. Аны ичкенден кн адам контрольду жоготуп жаман иштерге коп барат экен. Ошон учун азыр ичкиликтен бири бирин сойду олтурду дегендер ошодон
0
Asylbek2802
2018-04-02 17:15:39
Кытайдын арактары Кытайдын сийдигинен канализатсияларынан жасалып эксперт болот экен литри 20сомдон
-1
nur85
2018-04-02 23:16:56
Asylbek2802,кай жактан алдыныз мындай
Маалыматты.тообо кылдым. ХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан