Кечээ, 1-апрелде Футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлигасынын алкагында "EREM" командасы конокто Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган беттеште 2:1 эсеби катталып, "EREM" командасынын жеңиши менен аяктады. Эсеп санын 2-мүнөттө "Мурастын" оюнчулары ачты, анда Жонатан Кампостун соккусу таамай болуп, эсеп 1:0 болду. Буга "EREM" командасы Манас Абдрасул уулунун голу менен жооп берди. Муну менен командалар 1:1 эсебин өзгөртүүгө бир аракет жасады, бирок таамай боло албай, эсеп акыркы мүнөткө чейин сакталып турду. 40-мүнөттө Улан Байгазы уулу гол киргизүүгө келген мүмкүнчүлүк менен колдонуп, эсепти 1:2 кылып кетти.
Айта кетсек, Улан Байгазы уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.
Эки команданын жооптук беттеши 7-апрелде Бишкек шаарында Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат.