Африка экиге бөлүнүүдө. Кениянын түштүк-батыш жагында чоң жарака пайда болду

Африка экиге бөлүнүүдө. Кениянын түштүк-батыш жагында чоң жарака пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Кениянын түштүк-батышында чоң жарака пайда болгон. Бул Африка континентинин экиге бөлүнүү процессинин бир бөлүгү болуп калды. Бул процесс миллион жылдарга созулуп, биз көнүп калган континенттердин формасынын өзгөрүүсүнө алып келет.

Аталган жарака акыркы учурда көп катталган сейсмикалык активдүүлүктөн жана көп күн бою жааган жамгырдан улам пайда болгон. Ал Нарок жана Май-Махиу шаарларын байланыштырган унаа жолунан өткөн. Жараканын тереңдиги жана туурасы 15 метрден ашкан. Жергиликтүү бийлик унаалардын өтүшүн камсыздоо үчүн жараканы таштар менен толтурткан.

Окумуштуулардын айтымында, келечекте Африка континенти чоң Нубия жана кичи Сомали деп экиге бөлүнөт. Он миллиондогон жылдардан соң жараканын ордуна океан пайда болот. Мындан улам Африка континенти кичирейип, ал эми Инд океанында Эфиопия жана Сомалинин бөлүктөрү калып калган чоң арал пайда болот.

Африка экиге бөлүнүүдө. Кенияда чоң жарака пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2018-04-02 14:46:29
Бул жагы кино го
-3
madrid7000
2018-04-02 14:55:28
Шумдугун куууууур
+6
kalpak.kg92
2018-04-02 15:02:28
Алланын кудурети Алладан гана болду
+32
jbolotov
2018-04-02 15:10:39
Хадистерде болсо керек эле, кыяматка жакын жер жарылып жутат деген. Ошол окшойт.
+9
balykchy2012
2018-04-02 15:13:38
Аллахым Кудуреттүү бардан жокту кылган,жана жоктон барды кылган УЛУК Зат.!
+20
Berliane123454
2018-04-02 15:54:59
Тообокеч ай...
0
cyrus
2018-04-02 17:24:59
Мадагаскар аралы да миллиондогон жылдар мурун Африка континенти менен бир болгон
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан