Аскер кызматында жүрүп өз жанын кыйган же курман болгон жоокерлерге 1 миллион 40 миң сом камсыздандыруу төлөп берүү сунушталды. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде бул тууралуу билдирди.
“Аскерлердин өз өмүрүнө кол салышы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу болуп калып жатат. Азыр баласын жоготкон ата-энелерге орточо 1 миллион 40 миң сомго чейин камсыздандыруу төлөп берүү сунушталууда. Бул бюджетке оорчулугун тийгизбейт. Кепилдикке жылына 22 миллион сом бөлүнөт. Жылдан жылга өз жанын кыюу фактылары азайып баратат. Бирок турмушта кайталанып жатат. Биз колдон келген аракеттерди жасап жатабыз”, - деди Кедеев.
Депутат Тазабек Икрамов мыйзамды колдоого чакырып, аскерлер менен ич ара иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
“Ар бир ата-эненин канынан жаралган баласын жоготуу оор. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген туура эмес. Сиздерге балдар өткөрүлгөндөн кийин алардын писхологиясы менен иш алып барууңуздар керек. Эң негизгиси ата-энелердин көз жашы акпасын”, - деди Икрамов.
Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бул мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду.