“15 жаштагы кызды зордуктаган” деп шектелип 17 жаштагы балдар кармалды
“15 жаштагы кызды зордуктаган”
деп шектелип 17 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы
билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Т.Т. Кара-Жыгач жаңы конушунан белгисиз бирөөлөр 15 жаштагы кызын зордуктагандыгы
тууралуу арызы менен кайрылган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери
кылмышка шектүү 17 жаштагы У.И. жана Ж.С. аттуу жарандарды кармашкан. Учурда бул факт боюнча
тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.