Белгилүү балдар жазуучусу Ганс Христиан Андерсен 1805-жылы, 2-апрелде Данияда төрөлгөн. Жазуучу жомокторду кайра иштеп чыгып, фолклор менен көркөм адабият ортосунда жаңы багыт ачкан. Мындан улам Ханс Христиан Андерсен бүгүнкү күндө да эң көп окулган жазуучулардын көч башында турат.
Андерсен бала чагынан тартып эле өзүнүн узун бою жана арыктыгы менен айырмаланып турган. Жазуучунун мүнөзү да башкача болгон. Ал дайыма иттерден коркчу. Ошондой эле ал өрттө каза болуудан коркуп жанында дайыма жип алып жүргөн. Анын оюу боюнча жиптин жардамы менен өрт болгон жерден чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болгон. Ал өмүрү өткөнчө тиши ооруган, бирок ал дарыгерлерге кайрылган эмес.
Жазуучу кыздарга жакын болгон эмес. 1840-жылы Копенгагенде Женни Линд аттуу кызга жолуккан. 1843-жылы 20-сентябрда ал өзүнүн күндөлүгүнө "Мен сүйөм!" деген жазуу калтырган. Жазуучунун көптөгөн ырлары жана чыгармалары дал ушул бийкечке арналган. 1852-жылы Линд Отто Гольшмидт аттуу белгилүү музыкантка турмушка чыккан.
Андерсендин эң алгачкы, бирок жарык көрбөгөн "Сальная свеча" аттуу жомогу Оденсе шаарындагы архивде табылган. Адистер бул чыгарманы чын эле Андерсенге таандык экенин тастыкташып, аны жазуучу мектепте окуп жүргөн кезинде жазганын жарыялашкан.
Жазуучуга атактуулукту 1829-жылы жарык көргөн "Пешее путешествие от канала Холмен к восточной оконечности Амагера" аттуу чыгармасы алып келген. Андерсен өзүн драматург, романист катары дагы сынап, көптөгөн пьесаларды жана романдарды жазган. Бирок чыгармаларынын арасынан эл анын жомокторун сүйүп окуган.
Жазуучунун дүйнөгө тараган чыгармалары: "Түрү суук өрдөк" ("Гадкий утёнок"), "Жапайы ак куулар" ("Дикие лебеди"), "Дюймовочка", "Кар ханышасы" ("Снежная королева") жана башка.
1872-жылы 67 жашында кулап кетип оор жаракат алып, ошол бойдон бутуна турган эмес. Үч жылга созулган оорудан улам 1875-жылы 4-августта дүйнөдөн кайткан.
2-апрелдин жылнаамасы.