Мамлекеттик тил мыйзамдарын бузган жарандарга жана юридикалык жактарга айып пул салуу сунушталды. Мындай сунушту бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда депутат Эмил Токтошев билдирди.
Эл өкүлүнүн сунушу боюнча, мыйзам бузган жарандарга сотко чейин эле жергиликтүү бийлик органдары айып сала башташы керек.
"Өлкөдөгү бардык маалыматтар, жарнамалар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилде жазылат деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок мыйзамдагы бул эрежелер дайым сакталбай келүүдө. Мамлекеттик тилди пайдаланууда бардык алфавит жана орфографиялык эрежелер сакталат дегенине карабастан өлкөдөгү мекмелердин аталыштары, жарнама жана башкалар чар жайыт жазылып келүүдө. Аларды мыйзам талаасына алып келүү үчүн жергиликтүү органдарга укук берүү керек. Ошондуктан тил жөнүндөгү мыйзамдарды бузган жарандарга жана юридикалык жактарга айып салуу сунушталат. Ага ылайык, айып салуу укугун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына беребиз”, - деди Токтошев.
Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.