ӨКМ: "Өлкөнүн түштүк аймагында жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн"

Өлкөнүн түштүк аймагында жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-3-апрелде күтүлө турган жаан-чачындуу аба ырайынан жана күндүн жылуусуна байланыштуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле аталган маалыматта Кыргыз гидрометеорология агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, 2-апрелден тарта күндүн жылышы күтүлөт. Аймактарда жана алыскы райондордо абанын температурасы 2-апрелде 11-16 , 3-апрелде 13-18, 4-апрелде 17-22, 5-6-апрелде 22-28 градус жылуу болот. Ал эми 7-апрелде күн бүркөө болуп абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн. 8-9-апрелде мезгили менен нөшөрлөп жаан, тоолуу райондордо кар жаап абанын температурасы 10-15 градуска чейин түшүшү болжолдонууда.

Буга байланыштуу ӨКМ каналдарды, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан