Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок, Ак-Терек, Төрт-Күл айыл аймактарында 17-июндан 18-июнга караган түнү кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен тоодогу малчылардын 78 баш майда жандыктары өлгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Азыркы убакта ар бир айыл аймактарда материалдык чыгымдарды аныктоо иштери боюнча штаб түзүлүп, райондук жарандык коргоо комиссиялары жер-жерлеринде териштирүү иштерин жүргүзүүдө.