АКШда жаран лотереядан 521 миллион доллар утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, чоң суммадагы акчалай утушту алып келген билет Нью-Жерси штатында сатылган, азырынча утуп алган адамдын өздүгү такталууда.
АКШда "Mega Millions" улуттук лотереясынын башкы байгеси болгон 521 миллион доллар ойнотулган.
"Эң мыкты жаңылык. Ким утуп алса да мен аябай кубанычтамын", - деп лотерея билети сатылган май куюучу жайдын жетекчиси билдирген.
Маалыматка ылайык, ийгилик алып келген сандар болуп 11, 28, 31, 46, 59 жана 1 болгон. Айта кетсек, аталган утуш АКШнын тарыхындагы лотереядагы 10-эң чоң утуш болгон.