Наркоздон ойгонгон актёр Арнольд Шварценеггер алгач өзүнүн белгилүү "I'm back" сөзүн айтты. Бул тууралуу актёрдун өкүлү Дэниел Кетчелл өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
"Шварценеггер наркоздон ойгонгондон кийин алгачкы сөзү "I'm back" болду. Анын абалы жакшы", - деп билдирген Кетчелл.
Актёрдун сөзү "Терминатор" тасмасындагы "I'll be back" сөзүнөн алынган. Белгилүү болгондой, 30-мартта 70 жаштагы Шварценеггердин жүрөгүнө операция жасалган.
Теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бүлөсүндө туулган.
Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул ("Австрия Мырзасы", "Европа Мырзасы" титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес эле. Анткени Арнольд өтө эле арык жана бою узун болгон. Кичинекей кезинен күжүрмөн, эмгекчил жаш спортсмен жумасына жети күн 3-4 сааттан машыккан.
Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда "Айбан", "Коммандо", "Эгиздер", "Бала бакча полициясы" жана эң популярдуу кинолордун бири "Терминатор", "Терминатор-2: Сурак күн", "Терминатор-3: Машинанын калыптанышы", "Доктор Дулиттл-2", "80 күн ичинде ааламга сапар" жана башка тасмаларда роль жараткан.