Бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги тойканалардын биринде эрежесиз уруш боюнча "WEF" уюмунун чемпиону, Кыргыз өлкөсүнүн грэпплинг боюнча 5 жолку чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулунун үйлөнүү үлпөт тою өтүүдө. "Алайлык" каймана аты менен таанылган 25 жаштагы мушкердин жакшылыгына кесиптештери, достору жана бир туугандары келишти.
"Мен Нестана менен социалдык тармактардын биринен таанышкам. 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Сүйүктүүмдүн жүрөгүн багындыруу оор деле болгон жок. Нестана Ысык-Көлдүн кызы, мен Алайдан болом. Буйрук экен баш кошуп жатабыз", - дейт мушкер.
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу 15 жашынан тартып грэпплинг менен алектенип, 2015-жылдан бери эрежесиз эр уруш менен машыгып, карьерасын "WEF" уюмунун алкагында баштаган. Ал дүйнөлүк Sherdog порталында 9 жеңиш, 2 утулуу, 1 тең чыгуу коэффициенти менен Кыргыз өлкөсүнүн атынан катталган. Ошондой эле Орусиянын эрежесиз уруш боюнча М-1 Global уюму менен келишим түзгөн.