Кара-Балта шаарынын маршруттук каттамдарынын айдоочуларына коркутуу болгон, алар жумуш таштаган жок. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Кара-Балта шаарындагы маршруттук каттамдардын айдоочулары жумуш таштаган жок. Кара-Балта шаарынын патрулдук авто базасынын жетекчиси Алексей Бажанга өзүн Бишкек шаарындагы маршруттук каттамдардын айдоочулары деп тааныштырган адамдар чалып "Эртең биз жумуш таштап, нааразычылык акциясына чыгабыз. Силер дагы жумуш таштап бизди колдоп бергиле болбосо каттамга чыккан унааларды талкалайбыз" деп билдиришиптир", - дейт басма сөз кызматы.
Азыркы тапта Кара-Балта шаарынын маршруттук каттамдарынын айдоочулары автобазада абалдын жөнгө салынышын күтүп жаткандыгын жана алардын эч кандай нааразычылыктары жок экендигин басма сөз кызматы кошумчалады.
"Жаралган кырдаалдан улам жана жетекчиге түшкөн коркутууларды эске алып Кара-Балта шаардык мэриясы айдоочуларды жумушка чыкканга мажбурлаган жок. Биз алардын коопсуздугун да ойлоп жатабыз", - деп басма сөз кызматы белгилеп өттү.