Бишкек шаарында маршруттук таксилер дагы деле жумуштарына чыга элек. Саат 19:00дөн өтсө да борбор калаанын көчөлөрүндө бир маршруттук такси көрүнбөйт.
Бирок буга чейин Бишкек мэриясынан айрым маршруттук таксилер каттамдарга чыгышканын кабарлаган болчу.
Эске салсак, бүгүн маршруттук таксилердин айдоочулары нааразычылыгын билдирип иш ташташты. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушууда.