Кытай АКШдан импорттолуп келе турган товарлардын 128 түрүнө жогорулатылган бажы төлөмүн киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган чечим тууралуу Кытайдын каржы министрлиги билдирген. Кытай бул жол менен АКШнын чечиминен кийин болгон экономикалык жоготуулардын ордун толтурмакчы. Анткени буга чейин Дональд Трамп Кытайдан АКШга экспорттолуп барган металл продуктуларына бажы төлөмдөрүн киргизген.
АКШдан Кытайга келген 120дан ашуун товарларга, анын ичинен жашылча, жаңгак, вино үчүн 15 пайыздык бажы төлөмү кирет. Ал эми эт жана эт азыктарына 25 пайыз төлөм кошулду.
Белгилей кетсек, 23-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга каршы чектөөлөрдү киргизген жарлыкка кол койгон. Анын ичинде Кытайдан келүүчү 60 миллиард долларлык көлөмдөгү бардык товарларга жана Кытай инвестицияларына бажы төлөмдөрүн киргизген.