Даниэл Алвес "ПСЖ" командасы менен Франция лигасынын кубогун багындырып, тарыхтагы эң титулдуу футболчу болду

"ПСЖ" футболдук клубунун коргоочусу Даниэл Алвес карьерасындагы 36-трофейди жеңип алып, тарыхтагы эң титулдуу футболчу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, 31-мартта бразилиялык футболчунун "ПСЖ" командасы Франция лигасынын кубогунун алкагында "Монакону" 3:0 эсебинде жеңип алды. Муну менен Даниэл Алвес профессионалдык карьерасында 36-трофейди жеңип алып, тарыхтагы эң титулдуу футболчу болду.

Бул жыйынтык Райан Гиггз менен Кенни Далглиштин жетишкендигинен дагы ашып өттү. Ошондой эле 2018-жылы Даниэл Алвес "ПСЖ" менен Франция лигасын жана Франция кубогун жеңип алышы мүмкүн.

Дани Алвес профессионалдык карьерасын 2001-жылы Бразилиянын "Баия" командасында баштап, аны менен регионалдык мелдештерде 3 трофейге ээ болгон. 2003-жылы Алвес Испаниянын "Севилья" клубуна өтүп, 5 трофей жеңип алган. 2008-2016-жылдары испаниялык "Барселона" командасына ойноп, 23 мелдештин жеңүүчүсү болгон. 2016-жылы италиялык "Ювентус" клубу менен 2 трофейге ээ болсо, 2017-жылдан бери "ПСЖ" клубу менен 3 кубоктун ээси болгон. Андан тышкары, Алвес Бразилия курама командасы менен 3 трофейди багындырган. Муну менен ал профессионалдык карьерасында регионалдык мелдештерди эсепке албаганда 36 трофейди жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aiba-889290
2018-04-02 21:11:48
Дани Алвес эмеспи?Бир жеринде Даниел,бир жеринде Дани деп жазыпсынар.
-1
bazarkyl
2018-04-02 21:50:05
Жакшы спорт жаңылыктары көп эле болсо болмок экен
0
bekos2012
2018-04-02 22:01:18
Франция лигасынын кубогун жеңип алды, кайра эле Франция лигасын жана кубогун жеңип алышы мүмкүн?????? Түшүнбөдүм
-5
FCBMESSI
2018-04-02 22:27:07
bekos2012,Францияда 3 кубок бар алар Франция чемпиону,Франция кубогу, Франция лигасынын кубогу Монакону женип Франция лигасынын кубогун багындырды эми 2 калган трофей калды. Алардыда утуп алуу мумкунчулугу жогору себеби Францияда ПСЖ жакшы оюн корсотуп жатат
+4
Dembele84
2018-04-02 22:35:45
Алвес дагы деле болсо Барселонада качественный оюн корсотуп журмок,эмнеге сатты билбейм.
0
Beknur10
2018-04-03 20:27:54
Красавчик доске вперёд
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан