2-апрелде Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги отуруму өттү. Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасындагы “Ачык асман” саясатын ишке ашыруудагы тиешелүү чаралар боюнча “ЖИА” бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов баяндама жасады.
Анын айтымында, учурда чет өлкөлөргө Кыргыз мамлекетиндеги авиакомпаниялардын учуу багыттары чектелип (алар Орусия менен Түркияга гана учат), эл аралык аэропорттордун ортосундагы атаандаштык күрөштө биздин аэропорттор утулуп калууда. Анын кесепетинен бир топ каражаттардын чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгын жана башка көйгөйлөрдү белгиледи. Ошону менен катар кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн сунуштоо начар өнүгүп жаткандыгы кошумчаланды.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу зарылдыгын айтып, антпесе туризм тармагында атаандаштыкта алсыз болуп жатканын билдирди.
Депутат Исхак Пирматов бул саясаттын ишке ашырылышы туризмге оң таасир берерин белгилеп, бирок сөздөн башка аракет жок болуп жатканын сынга алды. Депутат бул маселени көтөрүп чыккан ишкерлерге ыраазычылыгын айтты.
Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев “Ачык асман” саясаты боюнча тиешелүү мыйзам долбоору иштелип бүтүп калгандыгын кабарлады.
Жыйынтыгында эксперттик топ түзүлүп, аба аркылуу жүк ташуу ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдарга анализ жүргүзүлүп, “Ачык асман” саясатын ишке ашыруунун зарылдыгына жүйөлүү негиздемелерди даярдамай болду. Анын негизинде тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуштоо чечими кабыл алынды.