Бишкекке дагы төрт троллейбус алып келинди

Бишкекке жаңы дагы төрт троллейбус алып келинди. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, темир жолу аркылуу алып келинген троллейбустарды башкармалык түшүрүп алды. Бирок алар дароо эле каттамга чыкпайт.

"Азырынча троллейбустарды өткөрүп ала элекпиз. Заводдун кызматкерлери келип, кабыл алуунун бардык жол-жобосу аяктагандан кийин гана транспорт эл ташып баштайт", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Буга чейин Бишкекке дагы 5 жаңы троллейбус алынып келгени маалымдалган. Жалпысынан 52 троллейбус алына турганы белгилүү болгон. Калган троллейбустар июнь айына чейин алып келинет. Орусиянын "Тролза" компаниясынан 37 троллейбус алынса, калган 15и Беларустан алынат. 52 троллейбус Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу берилген 7 миллион евро өлчөмүндөгү насыяга алынары айтылган. Учурда Бишкекте 131 троллейбус бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
al-abu-kinesz
2018-04-03 07:55:22
Мына ушинтип эле маршрутниктерди ызылдатпай маселени чечсе болот экен го? 386 миллионду транспортко короткондо ар бирибиз бирден тралик минип калмак экенбиз
+4
Baku88
2018-04-03 17:30:57
Маршрутниктер көргүлө аз күндө силерди эч ким сокпой да тоспоой да калат кутуласынар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан