Бишкекте өтчү улгайгандардын марафону 7-апрелге жылдырылды

7-апрелде Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык сейил багында улгайган жарандар үчүн марафон өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 09:00дө башталат. Анда 60ка чыккан жана андан да жогорку курактагы жарандар катыша алат. Алар чуркоо үчүн 500 же 1000 метр аралыкты тандай алышат. Финишке жеткен катышуучулар сыйлыктар жана белектер берилет. Марафондун жыйынтыгында чай ичүү уюштурулат. Катышуу үчүн 0 (312) 43 4416, 0 (555) 43 4416 телефон номурлары аркылуу алдын ала катталуу керек.

Айта кетсек, бул иш-чара 1-апрелге пландалган болчу, бирок аба ырайына байланыштуу 7-апрелге жылдырылды. Уюштуруучусу парламент депутаты Дастан Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан